• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

4,5 млн сом зыян келтирилген. Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына 35 жаштагы У.У. арыз менен кайрылып, Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Жарандын арызы Ысык-Көл райондук прокуратурасынын Кылмыш жана жоруктарынын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык жосуну") белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Толук жана ар тараптуу тергөө иштерин жүргүзүү жана кылмыш бетин ачуу максатында, аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнө тергөө тапшырмасы берилген.

16-март күнү аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тарабынан райондук прокуратуранын кызматкерлери жана Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен бирдикте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү.

Шектүү Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу, Бостери айылынын А.Э. аттуу тургуну болуп чыгып, ага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде көрсөтүлгөн ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилди.

Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий