• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Талас облустук драма театрына музыкалык шаймандар кымбат баада сатылып алынган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык шаймандар иш жүзүндөгү жогорку баада сатылып алынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган фактыны аныктады.

Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу актысы менен мамлекеттик сатып алуулар процедуралар аркылуу К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык шаймандарды сатып алышкан.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө сатылып алынган музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды.

Учурда УКМК мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий