• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда 1-февралдан тартып мечиттер иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Тажикстанда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб 1-февралдан баштап мечиттерде жамаат менен намаз окууга уруксат берди. Мечиттер апрелде коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында жабылган.

20-январда жарыяланган чечимге ылайык, Дин комитети, Ислам борбору жана Саламаттык сактоо министрлигине намаз учурунда жеке жана коомдук гигиена эрежелерин сактоону камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды кабыл алууга тапшырма берилди.

Өзгөчө жума намаз учурунда гигиеналык эрежелерди сактоо, милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу керек.

Бул талаптар аткарылбаган мечиттердин ишине тыюу салынат.

Тажикстанда 4 миңдей мечит катоодон өткөн.

Тажикстанда мечиттер 2020-жылдын 18-апрелинен азыркы күнгө чейин жабык турат.

Пикир

Оставить комментарий