• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда жашы жете электерге энергетикалык суусундук сатууга чектөө киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Өзбекстанда 18ге чыга электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга чектөө киргизүү пландалууда. Парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Ага ылайык, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө энергетикалык суусундуктарды саткан жарандарга бештен онго чейин, ал эми кызмат адамдары үчүн жетиден он бешке чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Андан тышкары долбоордо энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого чектөөлөрдү киргизүү боюнча чаралар каралган. Жарнамалар андай суусундуктарды көп ичүү зыян экендиги жана кимдерге ичүүгө болбой тургандыгы жөнүндөгү эскертүүлөр менен коштолушу керек.

Документке ылайык, энергетикалык суусундуктарды басылмаларда, ошондой эле телеканалдарда эртең мененки саат 7ден кечки 10го чейин жарнамалоого тыюу салынат жана жарнама кылуу максатында аларды өспүрүмдөр арасында таратууга болбойт.

Андан тышкары энергетикалык суусундуктарды медициналык, спорттук, мектепке чейинки жайларды, билим берүү мекемелеринде жана коомдук транспорттордо жарнамалоого тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий