• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кабар” агенттиги Исмаил Гаспыралы атындагы TWESCO медиа сыйлыгына татыды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Түркстанда “Ыйык Түркстан жана түрк дүйнөсүнүн руханий модернизациясы” аталышындагы илимий-теоретикалык жыйындын жүрүшүндө бир катар окумуштуулар жана ишмерлер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги жазып чыкты.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетишкендиктерин, биримдигин, билим берүүсүн жана илимин чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө Исмаил Гаспыралы атындагы TWESCO медиа сыйлыгы тапшырылды. “Басма сөз” номинациясында “Өнже ватан” түрк гезитинин колумнисти, ардагер журналист Кемал Салпы сыйланды. “Телеканал” номинациясында сыйлык “Хабар” агенттигине тапшырылды. Ал эми “Маалымат агенттиктери жана интернет” номинациясында “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги жеңүүчү аталды.

Түркологияга кошкон салымы үчүн Вильгельм Томсендин медалы менен азербайжандык Рамиз Аскеров, кыргызстандык Абдылдажан Акматалиев, профессор Бахтиёр Каримов, академик Виктор Бутанаев сыйланышты. Ушул тармакты өнүктүргөндүгү үчүн мындай сыйлык менен Түркстан облусунун акими Жансеит Түймебаев сыйланды. Кыргызстандын жазуучулар союзунун төрагасы, толук жана ыйгарым укуктуу элчи, Кыргызстандын Эл акыны Акбар Рыскулов күмүш медаль менен сыйланды.

Андан сырткары түрк дүйнөсүндөгү окуяларды жана жаңылыктарды тараткандыгы, маалымат тармагында түрк элдердин байланышын бекемдөөгө салым кошкондугу үчүн TWESCO`нун ыраазычылык каттары менен “Тюркюстан” азербайжандык гезитинин башкы редактору Агил Жамал, TRT`нын Астанадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абдулхамид Авшар, “Түрк тилдүү журналисттердин фондунун” жетекчиси Назия Жоямергенкызы, “Анадолу ажансы” агенттигинин Өзбекстандагы кабарчысы Бахтиёр Абдикаримов сыйланды.

Белгилей кетсек, быйыл TWESCO ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн форумда бир катар чечимдерди кабыл алган. Ага ылайык, 2018-жыл казак акыны Магжан Жумабаевдин 125 жылдыгынын урматына “Магжан жылы”, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына “Айтматов жылы”, Вильгельм Томсендин байыркы түрк жазуусун чечмелегендигинин 125 жылдыгына карата “Түрк жазуусунун жылы” деп аталган. Буга байланыштуу аталган багыттар боюнча ишке ашырылган долбоорлорго катышкан окумуштуулар жана ишмерлер академиянын колдоосуна ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий