• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте өтүп жаткан туризм жаатындагы инвестфорумга Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда

Коом 0

Ташкент, 20.11.18 /Кабар/. Ысык-Көлдүн саламаттык сактоо мекемелеринин Ассоциациясынын президенти Акжолтой Насирдинов башында турган КРдан барган делегация Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Биринчи Эл аралык инвестициялык форумга катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысы иш-чара өчүп жаткан жерден кабарлады.

А.Насирдиновдун айтуусунда, аталган форум Өзбекстандын гана эмес, бардык Борбордук Азиянын туристтик потенциалынын өсүүсүнө позитивдүү таасирин тийгизет.

“Тажрыйба көрсөткөндөй көп чет өлкөлүк туристтик компаниялар Борбордук Азияны саякаттоого жана өздөрүнүн кардарларынын эс алуусу үчүн бир регион катары карашат”, - деп белгиледи ал.

“Мени Өзбекстанда туризмдин өнүгүүсүнө болгон мамиле таң калтырат. Бул маселе мамлекеттик саясат деңгээлине чейин көтөрүлгөн жана бул жакта туризм өнүктүрүү комитети бар”, - деп кошумчалады Насирдинов.

Эскерте кетсек, форумдун максаты – инвестицияларды туризм чөйрөсүнө чакыруу, эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана Өзбекстандын туристтик потенциалын жогорулатуу.

Аталган иш-чарага 48 өлкөдөн келген 300дөн ашуун катышуучулар катышууда. Форумдун алкагында 500дөн ашуун инвестдолбоорду тартулоо пландалууда.

Ошондой эле иш-чаранын аягында кызматташуу тууралуу бир нече Меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий