• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ибраев 7-Апрель көчөсүндөгү жылуулук тармагын оңдоо иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев "Бишкекжылуулуктармагынын" 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жумуштарынын алкагында жылуулук тармактардын реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан 7-Апрель көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды.

"Учурда реконструкциялоонун оорчунду жумуштары бүткөрүлдү. Пенополиуретан менен жылууланган түтүктөрдүн биринчи партиясы келди, лотоктор коюлду. Долбоордун алкагында диаметри 700 мм түтүктөр 900 мм түтүктөргө алмаштырылууда, жалпы узундугу 1070 метр", - деп айтылат маалыматта.

Долбоорду China Road and Bridge Corporation, Shandong Junhui Construction Group Co жана "Технотоп" ЖЧК консорциуму ишке ашырат.

Белгиленгендей, жаңы жылуулук тармагы бир нече этап менен ишке ашырылат. Жылуулук механикалык бөлүгү 2023-жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүлөт, ал эми долбоор боюнча иштер 2023-жылдын декабрында аягына чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий