• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евробиримдик Борбордук Азия ичиндеги кызматташтыкты бекемдөөнү каалайт

Саясат 0

Брюссель, 20.11.18. /Кабар/. Европа биримдигинен Борбордук Азия өлкөлөрү менен өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча жаңы стратегияга кандай принципиалдуу суроолор киргизилгендиги тууралуу айтып беришти. Брюсселде өткөн брифингде Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан билдиргендей, ЕБнын кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын алдыга жылдыруу боюнча айрым учурларга көңүл буруу каралууда, башкача айтканда адам укуктарына.

"Биз албетте борбордук-азия өнөктөштөрдүн каалоолорун жана кызыкчылыктарын эске алабыз. Биз регионалдык деңгээлде жакшы чечиле турган айрым маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Бул жерде кеп бир гана батыш же чыгышка эмес регионго да бурулат", - деп түшүндүрдү ал.

"Мисалга, мен Ашхабадда болгом, ал жакка көптөгөн коңшу өлкөлөрдүн жарандары Дубай же Стамбул аркылуу учуп келишет. Алар коңшу өлкөлөр экендигине карабайт. Адамдар ортосундагы байланышты жана товар алмашууну жакшыртуу боюнча көп нерселерди жасаса болот. Өзбекстанда прогресс болду деп баса белгилеп кетсек болот. Бул өлкө өзүнүн чек арасын ачты. Коңшу өлкөлөр менен визасыз режим бар. Борбордук-азиядагы сооданы өнүктүрүү боюнча потенциал бар. Буга карабастан, бул тармак БАнын ичинде төмөн деңгээлде турат", - деп өз сөзүн жыйынтыктады Буриан.

Пикир

Оставить комментарий