• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда "кара тизмеге" илинген мусулмандардын иши кайра каралат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев диний ишмерлердин катышуусунда видеоселектордук жыйын өткөрүп, “кара тизмеге” илинген мусулмандардын ишин кайрадан иликтеп чыгуу зарылдыгын айтты. Чогулушка 10 миңден ашуун киши катышты.

– “Кайсы бир мусулман жакшы, таза болсо дагы, кимдир бирөөгө телефон аркылуу билдирүү жөнөткөндүгү үчүн деле аны тыюу салынган агымдардын мүчөсү катары эсептешип, “кара тизмеге” киргизишүүдө. Силер кайрадан алардын ар бири менен сүйлөшүп, иштерин карап, күнөөсү жокторду акташыңар керек. Жыл соңунда мага отчет бересиңер деди”,-деди Мирзиёев.

Мындан тышкары президент республиканын ар бир районунда атайын кызмат тарабынан “кара тизмеге” киргизилген мусулмандарын иши менен алектенчү он кишиден турган топ түзүүнү тапшырды.

Ага ИИМ, УКК, Башкы прокуратура, акимчилик, маале жана мечиттин өкүлдөрү кирет. Алар “кара тизмеге” киргизилгендер менен маектешип, үгүт-пропаганда иштерин жүргүзүшөт.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий