• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда бүгүн Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке кирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Рогун ГЭСинин алгачкы агрегатын президент Эмомали Рахмон өзү ишке киргизет. Иш-чарага чет өлкөлөрдүн, анын ичинде CASA-1000 долбооруна мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломаттар жана дүйнөнүн 30дан ашык ЖМКларынын журналисттери чакырылган.

Адистердин айтымында, ишке бериле турган агрегат текшерүү режиминен өткөн. «Учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 214 миллион куб метрди түзөт. Бул ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө жетиштүү», — деп билдиришти адистер.

​Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилет деп күтүлүүдө.

Жалпы кубаттуулугу 3600 мегаватты (17 млрд. кВт/саат) түзгөн Рогун ГЭСи Борбор Азия аймагындагы эң ири гидроэлектрстанция болуп калат. Анын курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийин токтоп калган.

Тажик өкмөтү 2016-жылы ГЭСти куруп бүткөрүү боюнча италиялык Salini Impregilo компаниясы менен макулдашууга кол коюп, плотинаны куруу иштери жанданган. Тажик бийлигинин маалыматка караганда, макулдашуунун суммасы 3,9 миллиард долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий