• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматыда жердин силкинүүсү. Жабыркагандардын саны 44кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарындагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

“Түнкү саат бирден тарта Алматыда жеңил жана орто даражадагы ар кандай жаракаттар менен 44 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 34ү чоңдор болсо, 10у балдар. Чоңдордун арасынан үчөө ооруканага жаткырылып, 31и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган 10 баланын ичинен 5и ооруканага жаткырылса, 5и амбулатордук дарыланууга жиберилген”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 23-январга караган түнү Алматы шаарынын тургундары катуу жер титирөөнү сезген.

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болгон. Анын күчү очогунда 6,7 баллга жетип, Алматыда 5 баллга чейин сезилген.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү - Кумтөрдө – 6 балл, Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында - 4,5 балл, Нарын шаарында - 4 балл, Бишкек шаарында - ​​3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий