• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Баарлашуунун учурунда Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Мындан тышкары, мамлекет башчылары эки тараптуу актуалдуу маселелерди жана 6-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумун жана Көз карандысыз Шериктеш Мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусун талкуулашты.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго туулган күнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эң жакшы каалоолорун билдирген куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий