• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда белгилүү дин кызматкеринин үйү тонолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Тажикстандын Хатлон облусунда белгилүү дин кызматкери Эшони Мухриддиндин (Хамидов) үйүн тоногон адамдар изделүүдө. Кылмышкерлер үйдөн 6 800 доллар жана 40 миң сомони (4 миң доллардан ашык) уурдап кетишкен.

Маалыматка караганда, 18-ноябрдан бери облус аймагында кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы жүрүүдө. Аймактагы жолдорго МАИ жана милициянын кошумча посттору орнотулган.

Жергиликтүү жамаат башчысы Тохир Турсунов Эшони Мухриддиндин үйү тонолгонун ырастады. «Ал уулу экөө көп жылдар бою Хатлон облусунун Мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы медреседе сабак берип келишкен. Эртеден бери анын үйүндө тергөөчүлөр иштеп жатышат», — деди ал.

Буга чейин милиция кызматкерлери адамдарды сүзгөн делинген «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны издеп жатышканы кабарланган. Бирок көп өтпөй жергиликтүү бийлик бул маалыматды четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий