• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда бензин кымбаттоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Душанбеде марттын башында 7 сомони 20 дирам турган бензин учурда 8 сомони 80 дирамдан, Тажикстандын айрым аймактарында 9 сомониден (($0,79) сатылууда.

Тажикстандын Монополияга каршы агенттиги Казакстан күйүүчү майдын экспортун кыскартканын, буга байланыштуу өлкөдө кымбатчылык өкүм сүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, соңку үч ай аралыгында бензинден тышкары дизель 23%, суюлтулган газ 13% кымбаттаган.

Бул арада казак басылмалары Атырау шаарындагы суюлтулган газ өндүрүүчү завод капиталдык ремонттон улам убактылуу ишин токтотконун жазышты. Тажикстан суюлтулган газ менен күйүүчү майлардын 90% Казакстандан сатып алат.

Ушул тапта өлкөгө Россиядан бензин жеткирилүүдө.

Тажикстанда күйүүчү-майлоочу майларды сатууга бир нече компания, анын ичинде «Газпронефть Тажикстан» көзөмөлдүк кылат.

Пикир

Оставить комментарий