Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Тажикстандын Көз карандысыз кесиптик кошуундар федерациясы Билим берүү жана илим министрлигинин 1-сентябрда окуу баштоо тууралуу чечими мыйзамга каршы келбей турганын билдирди. Быйыл Билим күнү менен Курман айт бир маалга туш келүүдө. Тажикстанда бул дата 1991-жылдан бери эс алуу күндөрдүн катарында.
Күн мурун Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид 1-сентябрда окуу башталары тууралуу буйрукка кол койгон.
“Курман айт үч күн майрамдалат, окуучулар менен студенттер аны ишемби жана жекемби күндөрү деле белгилөөгө үлгүрүшөт”,-деди министрликтин басма сөз катчысы Эхсони Хушвахт.
Министрликтин бул чечими социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көптөгөн тажикстандыктар бийлик алардын конституциялык укуктарын бузуп жатканын белгилешүүдө.
Булагы: CENTRAL ASIAN
Пикир
Оставить комментарий