• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Тажикстанда мобилдик операторлордун бир адамга экиден көп сим-карта сатуусуна тыюу салынды. Мындай чечим өлкөнүн ИИМи, Улуттук коопсуздук комитети, байланыш кызматы жана мобилдик компаниялары тарабынан биргеликте кабыл алынды.

Тажикстан ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали террордук топтордун мүчөлөрү көбүнчө башка адамдарга катталган сим-карталарды пайдаланарын, өз кезегинде бул аларды издөөдө жана тергөө иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктарды жарата турганын билдирди.

30-апрелде аяктаган колдонуучулардын сим-карталарын кайрадан каттоодон өткөрүү иштери дагы терроризмге каршы күрөшүүгө байланыштуу болгон. Бирок мобилдик кызматтарды көрсөткөн компаниялар анын иштебеген сим-карталарды аныктоо үчүн жасалганын билдиришкен.

Учурда компаниялар ар бир иштебеген сим-карта үчүн ай сайын 80 дирамдан (9 центке жакын) төлөшү керек.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий