Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 21 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 5, Алматы шаарында – 8, Шымкент шаарында – 2, Акмоло облусунда – 1, Чыгыш-Казакстан облусунда – 2, Караганда облусунда – 1, Костанай облусунда - 1, Павлодар облусунда – 1 адамдан COVID-19 табылган.
Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 305 миң 135 адам коронавирус жуктурган.
Пикир
Оставить комментарий