• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда ИМ идеяларын жайылткан жаран 6 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Хатлон облустук соту Вахш районунун 21 жаштагы тургунун социалдык түйүндөр аркылуу «Ислам мамлекети» тобунун идеяларын пропагандалаган деген айып менен 6 жылга эркинен ажыратты.

Облустук соттон билдиришкендей, Фируз Абдулазизов «ММК же социалдык түйүндөр аркылуу Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыктарын жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын айтымында, азырынча сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Фируз Абдулазизов быйыл 15-августта Москвадан кайтып келгенде кармалган. «Орусиянын борборунда жүргөн тажик мигранты социалдык түйүндөр аркылуу экстремисттик мүнөздөгү сүрөттөр менен видеолорду жайылтып жүргөн. Фируз «Одноклассники» түйүнүндөгү баракчасына ИМ тобунун кара желегин жайгаштырып, колдонуучуларды бул топтун идеяларын колдоого үндөгөн»,- деп билдиришти соттон.

Адвокат Нусратулло Мирзоев Абдулазизов күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий