• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 3,8% түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүүсү 3,8% түздү, өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду. Анын ичинде: айыл чарбасынын көлөмү 3%га реалдуу түрдө өстү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 3%га, курулуш тармагында – 7,4 %га жана өнөр жайда 5,2 %га өсүш болду.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселеси каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли дээрлик нөлдүк деңгээлде кармалып, же 0,4%ды түздү.

«Бул тенденциялар республикалык бюджеттин кирешесин 2015-жылга салыштырмалуу 101,6%га өсүшүн камсыз кылды, же 115,7 млрд сомду түздү. Негизинен салыктык кирешелер көп болду. Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 136,9 млрд сомго аткарылды, же 2015-жылга салыштырганда 13,5%га жогорулады», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр билдиргендей, Өкмөттүн 2016-жылдагы жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири – бюджеттин дефицити ИДПга карата 4,6%дык деңгээлде кармалып турду.

Ошондой эле Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы мамлекеттик карыздын деңгээлин ИДПга карата азайтууга мүмкүн болду, ал 2016-жылдын 31-декабрында 56,6%ды түзгөн.

Сапар Исаков 2016-жылы бюджеттин корголгон беренелери боюнча каржылоону толук көлөмдө аткарылгандыгын баса белгиледи.

«Мындан тышкары, 2016-жылы республикалык бюджет эсебинен Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Тарых жана маданият жылы, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы ийгиликтүү өткөрүлдү. Ири өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын катышуусундагы иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулду», - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2016-жылы капиталдык салымдардын эсебинен 8,4 млрд сомго 97 объект каржыланып, ишке берилди. Алсак, 2015-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар 1,5 эсеге өскөн.

Буга катар Премьер-министр эскерткендей, 2016-жылы Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жана Бишкек – “Манас” аэропортунун жолдорун реконструкциялоого, Көлдө (Бактуу-Долоноту айылында) ипподромдун салынышына каражат бөлүндү, Жеткиликтүү турак-жай программасы ишке киргизилди жана 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилинен үзгүлтүккө учурабай чыгуу камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий