• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын БШКсы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-октябрда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоого 4 миллион 238 миң 839 жаран (жалпы шайлоочулардын 85,44%) катышып, алардын 3 миллион 853 миң 987си (90,92%) өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмонго добуш беришкен.

Бул шайлоого 68 жаштагы Рахмондон тышкары бийликчил партиялардан чыккан, коомчулукка көп деле белгисиз төрт талапкер - Коммунисттик партиядан Абдуллоев Миродж, Социалисттик партиядан Гаффорзода Абдухалим, Агрардык партиядан Латифзода Рустам, Экономикалык реформа партиясынан Рахматзода Рустам катышкан. Расмий маалымат боюнча алар шайлоочулардын 1-3% добушун алышты.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобу Тажикстандагы президенттик шайлоо «жогорку уюшкандыкта, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык» өткөнүн билдирген.

ЕККУнун миссиясы шайлоо боюнча өз билдирүүсүн жакынкы бир жарым айда жарыялайт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий