• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Техникалык чыгармачылык боюнча мыкты билим берүү программаларынын авторлору аныкталды

Билим 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгы боюнча мыкты билим берүү программасы» республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү онлайн сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка 70тен ашуун окуу программасы сунушталып, аларга эксперттик баа берилди жана жеңишке жеткен программаларды Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелерине киргизүүгө сунуштоо чечим кабыл алынды.

Уюштуруучулар педагогдордун мыкты даярдыгын, кызыктуу программалардын көптүгүн, мындай ишти жаңы окуу жылында дагы улантуу керектигин белгилешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор менен эстелик белектери тапшырылат.

Жеңүүчүлөр:

Гран-принин ээси - Иманбеков Туратбек Шаршенбекович (Ысык-Көл областы, М. Мамакееват МГ, «Инфомир» билим берүү программасы, диплом+ноутбук);

I орун - Нарматалиев Мирлан Давлаталыевич («Мээрим» БББ, Ош ш., «Робототехника» билим берүү программасы, диплом+планшет);

II орун – Фурсова Валентина Александровна, Знаменская Анастасия Сергеевна, Знаменская Наталья Александровна (№24 МГ Бишкек ш., «Техникалык долбоорлоо\Техническое проектирование» билим берүү программасы, диплом+смартфон);

III орун - Мухаметова Руфина Хатибовна (Баткен областы, №1 ОМ, Кызыл-Кыя ш., «Жаш ойлоп табуучу\Юный изобретатель» билим берүү программасы, диплом + Ч.Айтматовдун 10 томдугу).

Грамота жана кызыктыруучу байгелер менен сыйлангандар:

  • Темирбеков Нуркул Сагынбекович (Талас областы, Султаналы уулу Кушубакат. ОМ, «Кулибин» билим берүү программасы);
  • Умаров Тахир Худайбердиевич (Жалал-Абад областы, БББ, «Баштапкы техникалык чыгармачылык \Начальное техническое творчество» билим берүү программасы);
  • Турдалиева Рыскуль (Нарын областы, БББ, «Техникага алгачкы кадам» билим берүү программасы).

Башкы байге (ноутбук) «Ыйык Ата-Журт» Коомдук жаштар фондунун директору Эргешов Акынбек Камчыбековичтин демөөрчүлүгү менен алынган.

Иш-чара «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы жана Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий