• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Терек-Сайдагы кырдаал сурманын мыйзамсыз казылып, чыгарып кетишине байланыштуу – депутат

Аймак 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы кырдаал сурманын мыйзамсыз казылып, мыйзамсыз чыгарылып кетишине байланыштуу. мындай пикирди депутат Исхак Пирматов Жогорку Кеӊеште Терек-Сайдагы болгон чуулгандуу окуя боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

"Бул жерге бир эмес миң пост койсо дагы маселе чечилбестигин, мында Оштогу сурманы мыйзамсыз сатып алуучуларды тыйганда гана чечилет, – деди Пирматов. – Ал эми экология маселеси (суунун булганышы, жолдордун бузулушу) алтынды жууп алуучу майда кендерди казгандардан улам болуп жатат. Мамлекетке жылына төлөгөнү 50-60 миң сом. Ал эми бул жердеги 2-3 ири кенде маселе жок".

Андан тышкары Пирматов алтынды жууп алуучу майда кендерди казууга берилген лицензияларды жокко чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун маалыматы боюнча Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган.

Талкууда депутат Аида Касымалиева дегеле Чаткалдагы кен казуу иштериндеги кырдаал мурдатан эле ириңдеп келе жаткандыгын айтып, район акими менен облус жетекчиси элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыгынан улам болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Депутат Азиз Турсунбаев Терек-Сайдагы окуя боюнча ким күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керектигин, бул жерде сурманы контрабанда жолу менен ташуу маселеси бар экенин, андыктан ишти калыс кароо үчүн ар бир фракциядан депутаттар тандалып, кырдаалды жеринде барып көрүп келүүнү сунуш кылды.

"Кыргызалтын" ишкана башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбаев бул кен казууну жергиликтүү эл колдоп, инвестор социалдык пакеттерди карагандыгын, жыл сайын 15 млн сомдон бөлүнүп берилери чечилгендигин, 100 млн сомдун тегерегинде салык түшөөрүн, ишкана иштеп баштагандан тарта дивиденд алынарын маалымдады.

Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азизбек Ороков сурманы мыйзамсыз казуу иштери көп жылдан бери келаткандыгын айтып, бул көрүнүштү мыйзамдаштыруунун жолун караштырып жаткандыгын маалымдады.

Мындай пикирди депутат Кожобек Рыспаев дагы улап, жергиликтүү элди күч менен токтотууга болбостугун, анын ордуна “жаранын” чыгыш себептерин иликтөөнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий