• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Терроризмге каршы күрөшүү жана кылмыштык кирешелер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 25.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда кабыл алынган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Натыйжада Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын ченемдерине шайкеш келтирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий