• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тил комиссиясы тарабынан 26 китеп жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 30.08.17 /Кабар/. “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык жана Кыргыз Республикасыннын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151-б токтомунун негизинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Азыркы адабият”, “Дүбүрт”, “Дүйнөлүк адабият”, “Дүйнө”, “Тарых жана маданият” серияларынын алкагында 26 китеп жаңыдан жарык көрдү. Бул тууралуу улуттук комиссиядан билдиришти.

Көркөм-адабий жана тарых багытындагы китептердин бет ачар аземи Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай 2017-жылдын 29-августунда саат 14:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий