• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМдин түптөлгөнүнө 75 жыл болду: Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери сыйланышты

Президент 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы берилди:

— Жунусов Ибрагим Коджоназаровичке — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы берилди:

— Ниязалиев Нуран Садыровичке — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына;

— Алымкулов Алиясбек Толбашиевичке — Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

— Абдыжапарова Бүбүйра Самыйбековна — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси;

— Макеев Толенды Картанбаевич — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору;

— Тохтоходжаев Анвар Розамович — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси;

Сыйлыктар «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жана келечеги» форумунда тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий