• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында бюджетке 1 млрд сомдон ашык кайтарылган

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. 2021-жылы Башкы прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 288 миллион сом кайтарылган. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, анын 193 миллион 219 миң сому акчалай, 1 миллиард 95 миллион 16 миң сому материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылган.

"Жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 7 миң 565 текшерүү жүргүзүлүп, 16,7 миң мыйзам бузуулар аныкталган, 7,9 миң акт түзүлүп, 6,4 миң кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган", - деди ал.

Мындан тышкары, Башкы прокурор кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында 1 млрд 95 млн сом компенсацияланганын, 22 кыймылсыз мүлк объектиси, 1578 кв метр турак-жай эмес объектилер жана 1125 га жайыт жерлер.

Пикир

Оставить комментарий