• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ башчысынын орун басары Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды

Коом 0

Бишкек, 25.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-июлунда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин башчысынынын тапшырмаларын аткаруу жана туристтик мезгилди өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдин ЖКККББнын, Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБнын жана Ысык-Көл ОИИБдин ЖКККБнын жана Ысык-Көл райондук милициясынын кезметтеринин кызмат өтөөлөрүн жеринде текшерди. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүү учурунда Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын эрежелерин сактоо, туристтик мезгил учурунда жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугу маселелери боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын айтып берди.

Андан сырткары, кезметтердин жеринде кызмат өтөөлөрүнө көңүл бурду. Анда кызматкерлердин кызматтык документтеринин, күбөлүктөрүнүн, төш белгилеринин бардыгы, сырткы келбети, облус жана район аймагындагы ыкчам кырдаалды билүүлөрүн текшерүүгө алды. Текшерүү толук кандуу болуусу үчүн Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын, ЖКККБнын кызматкерлеринин жеринде иш алып барууларын жана алардын жарандарга карата кайрылуусуна жасаган мамилелерин сындан өткөрдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен маектешүүнүн жүрүшүндө аларга кызмат өтөө учурунда жеке коопсуздук чараларын катуу сактоо керектигин айтып, кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көнүл бурду.

Андан сырткары, «Бишкек-Чолпон-Ата» каттамы боюнча ылдамдык режимин бузган айдоочуларга ИИМдин башчысынын орун басары жол кыймылынын эрежелерин бузбоо керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардын ар бири менен маектешип, жол эрежелерин билүү деңгээлин текшерген учурунда айдоочулук күбөлүгү жана айдоочулук тажрыйбасы бар айдоочулар дагы жол эрежелерин билбей тургандыгы аныкталды.

Андан соң, кеңешменин жүрүшүндө Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бөлүктөрүнүн жетекчилерине жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жана туристтик мезгил учурунда жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугу маселеси боюнча алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жөнүндө айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күн сайын тескемеде өздүк курамга эскертип турууну жана автоунаасын мас абалында башкарган айдоочуларды аныктап, аларга карата катуу чараларды көрүү керектигин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий