• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк Mbank тиркемесиндеги мүчүлүштүктөргө комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Улуттук банкы "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын Mbank мобилдик тиркемесинде кардарлардын акча каражатынын калдыктары туура эмес чагылдырылып жаткандыгы тууралуу даттануулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган банк тарабынан берилген маалыматка ылайык техникалык иш үзгүлтүгү техникалык өнөктөш тарабынан келип чыккан, натыйжада банктын кардарларынын эсептериндеги акча каражаттары туура эмес көрсөтүлүп жаткан.

Улуттук банк өз кезегинде бул техникалык иш үзгүлтүгү боюнча көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдө.

"Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук банк жагдайга көз салып, КР банк системасы үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий