• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз-Тородо мал уурдап саткан шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Тогуз-Тородо мал уурдап саткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 50 жаштагы тургуну Н.М. жергиликтүү милицияга арыз менен кайрылып, өз арызында 2020-жылдын апрель айында ошол эле райондун Каргалык айыл аймагына караштуу Тагай участкасындагы жайыттан белгисиз адамдар жашыруун 2 баш уюн жана 1 баш тай торпогун уурдап кетишкендигин, жалпы 170 миң сом өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилгендигин билдирип, белгисиз кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 19-октябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы маанидеги арыз менен Тогуз-Торо районунун аймагында жашаган жашоочулардан мал уурулук фактылары боюнча дагы сегиз арыз даттануулар түшүп, алар боюнча да сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар милицияга көмөктөшүп, кылмышка шектүү катары Тогуз-Торо районунун тургундары 25 жаштагы К.Ж. жана 29 жаштагы К.Т. экендиги аныкталып, шектүү катарында колго түшүрүлүп, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары андан ары да улантылып, шектүүлөр К.Т. жана К.Ж. өздөрүнүн кылмыштуу шериктери менен 2020-жылдын жаз айларынан бери Тогуз-Торо районунун аймагындагы жайыттардан жашоочулардын малдарын жашыруун уурдашып, оор жүк ташуучу “КаМАЗ” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөп, Сузак районунун аймагына алып барып сатып жүргөндүгү такталган. Ошондой эле уурдалган 9 баш мал Сузак районунун чек аралаш аймагынан табылып, Тогуз-Торо районуна алынып келинип, жабырлануучуларга тил кат менен кайтарылып берилген.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий