• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаары жана Чүй районунун окуучулары согуштун ардагерлери жөнүндө изилдөө иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Токмок шаарынын жана Чүй районуна караштуу мектеп, бала-бакчаларында “Жеңишке 75 күн” акциясы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын максаты – балдарды каармандык-мекенчилдик духта тарбиялоо.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен 1-класстан баштап, 11-класска чейинки мектеп окуучулары ата-энелер жана педагогдор менен биргеликте аталган аймактардагы согуштун ардагерлери жөнүндө изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Билим берүү мекемелеринде класстык сааттар, сахналаштырылган чыгармалар коюлуп, “Согуш балдардын көзү” менен аттуу сүрөт көргөзмөсү жаңыланып жатат.

Мындан сырткары, жашылдандыруу боюнча тематикалык акциялар, көркөм окуу сынактары уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий