• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоо иштери 98%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 98%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин капиталдык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63 млн 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды.

Учурда имараттын жана откананын эски чатыры менен электртутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери аяктоодо. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган. Андан сырткары. ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган. Имараттын кире бериши бүткөрүлүүдө.

Оорукананын оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүүгѳ пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий