• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмокто 14 жаштагы кыз көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Токмокто 14 жаштагы кыз көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясы ырастады.

Маалыматка ылайык, 3-июлда “102” кызматына Токмок шаарында бүтө элек көп кабаттуу имараттан өспүрүм кыз кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 14 жаштагы Б.А. аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Ал алган жараатынан жеринде каза болгон.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган. Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий