• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун иши менен жеринен таанышты

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды Кант» заводунун иши менен жеринен таанышып, кызматкерлери менен пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапарда министр «Кайыңды Кант» заводунун кант кызылчасынын кабыл алуу жана заводунун иштөө процесси менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө «Кайыңды Кант» заводунун жетекичиси Александр Шалюта министрден темир жолдун тарифин азайтып берүүнү суранды. Мындан сырткары өткөн жылы кумшекердин баасы арзан болгондуктан, 2020-жылы кант кызылчасынын себүү аянты азайганын билдирди.

Министр Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө аракет кыларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий