• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги социалдык контракттын жыйынтыгы жогору болгон аймактарды атады

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Өлкөдө "Социалдык контракт" программасы 2022-жылдын жай айынан баштап ишке ашырылууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, өз бизнесин ачууга жетишкен.

2023-жылы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруудан түшкөн киреше 55,4 миң адамдын жашоосун жакшыртууга жардам берди, алардын 33,5 миңи – балдар.

Бул балдардын 80% же 26,9 миң адам мурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алышчу. Эгер алар жөлөкпул алууну уланта беришсе, ай сайын бюджеттен 32,3 млн сом бөлүп берүү талап кылынмак. Эми "Социалдык контракт" программасынын жардамы менен бул үй-бүлөлөр кирешелерин өз алдынча таап, мамлекеттин колдоосуна муктаж эмес.

Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун эң көп саны Жалал-Абад жана Ош облустарында болду.

Ошол эле учурда долбоорлордун кыйла кирешелүүлүгү-натыйжалуулугу боюнча Бишкек, Чүй жана Баткен облустары алдыда.

Быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат. Кененирээк маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн ала алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий