• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.23./Кабар/. Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу милицияга 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында билдирүү түшкөн.

Аталган факт Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Шектүү 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн", – деп кошумчалашты облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий