• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азамат! Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Махмудов норвегиялык, египеттик, өзбекстандык, япониялык балбандарды жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, дагы бир жолу мыктылыгын далилдеп, алтын медаль багындырды. Акжол Махмудов буга чейин Дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон. Былтыр сентябрь айында ушул эле Белград шаарында Дүйнө биринчилигинде чемпион аталган.

Белгилей кетсек, быйыл аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Махмудов Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Эскерте кетсек, буга чейин балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп, ал дагы Олимпиадага лицензия уткан. Ошондой эле балбан Жоламан Шаршенбеков чемпионатттын финалына чыгып, Олимпиадага дагы бир жолдомону камсыздады. Мындан тышкары, суучул Денис Петрашов Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында дагы бир лицензия алып келди.

Пикир

Оставить комментарий