• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырман калайык-журт!

Эне тилибиз мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 34 жылдын жүзү болду. Эгемен мамлекет куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына пайдубал болуп берген тарыхый чечим кабыл алынган бул күн – биз үчүн өзгөчө майрам күн. Андыктан, жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Биз ата-бабаларыбыздан ажайып кооз кыргыз жергесин, кылымдарды карытып, тарых бүктөмдөрүндө калып калбай, элдүүлүктү сактап келген нарк-насилди жана “Манастай” теңдеши жок улуу дастанды жараткан кыргыз тилин аманат кылып, мураска алдык. Эне тилибиз биздин каны-жаныбызга эне сүтү, бешик ыры, энелердин жомогу, аталардын нуска кептери менен сиңип келген. Мына ошондуктан залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет»,– деп таасын белгилеген.

Тилди сактоо ириде улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган омоктуу маселе экенин аңдап-түшүнүп, улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутушубуз керек. Дегеле тил, дил, нарк-насил сыяктуу рухий дөөлөттөрүбүзгө сергек карап, олуттуу мамиле жасообуз зарыл!

Бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай келет.

Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтып, аны андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары кароо менен өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүүбүз кажет.

Ушул жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койдум. Мыйзам мамлекеттик тилдин мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот деген үмүтүм чоң. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүү, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.

Ошол эле маалда ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин гана кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылышыбыз керек. Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүшүбүз абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу дагы учурдун талабы болуп турат.

Мына ушул сыяктуу иштиктүү аракеттерди жасап, натыйжалуу жыйынтык алганыбызда гана мамлекеттик тилибиз коомдун, административдик башкаруунун, билим берүүнүн, илим менен технологиянын, өндүрүш менен чарбанын, соода-сатыктын, маданият менен диндин, интеграциянын, этносторду бириктирүүнүн ишенимдүү кепилдигине айланат.

Урматтуу мекендештер!

Тил – өлкөнүн келечек тагдыры үчүн өзөктүү баалуулук. Ошондуктан мамлекеттик тилибизди тумарыбыздай тутуналы, үй-бүлөдөн баштап бардык коомдук-социалдык институттарга чейин мамлекеттик тилди колдонуунун, пайдалануунун маданиятын күн сайын, саат сайын өркүндөтөлү.

Дагы бир жолу баарыңыздарды эне тилибиздин мамлекеттик тил макамына ээ болгон күнү менен куттуктаймын!

Ата Мекенибиз өссүн, эне тилибиз өнүксүн!”.

Пикир

Оставить комментарий