• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Бүгүн, 8-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 768 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 718 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 440 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

2022-жылдын 8-июнуна карата суунун көлөмү 10 млрд 863 млн куб метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий