• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 859 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 859 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 138 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 547 куб метрге жетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий