• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 12 миң 340 жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.22./Кабар/. Кыргызстанда бир жуманын ичинде 12 миң 340 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада катталган 12 миң 340 жол эрежесинин ичинен:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 1 741;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 200;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4 997;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 7;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 7;

- автоээнбаштык –5;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 271;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 69;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 4 420;

- терезелери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 41;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 149;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 511.

Пикир

Оставить комментарий