• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун болжол менен саат 22:19да Токтогул районунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Терек-Суу, Жаны-Жер айылдарында 3 балл, Арал, Жаңы-Жол, Кара-Суу айылдарында жана Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий