• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда кар көчкүлөр атайын атып түшүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 2017-жылдын 21-февралында КР ӨКМнин ыкчам тобу, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер бөлүгүнөн чыккан артиллериялык топ, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдыны 21-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-248-250-255-чакырымдарында жалпысынан 38 снаряд атып жалпы көлөмү 113 000м3 болгон кар көчкүсү түшүп, бирок унаа жолго жеткен эмес.

2017-жылдын 22-февралында кар көчкүсүн түшүрүү иш-чаралары улантылат.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда 2017-жылдын 20-февралында саат 22:00дөн тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн коюлган чектөө 21-февралда саат 10:30да алынган.

Чаткал районунда 2017-жылдын 21-февралында КР ӨКМнин жетектеген ыкчам топ, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер бөлүгүнөн чыккан артиллериялык топ кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

2017-жылдын 21-февралында Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 69-71-чакырымдарында 7 снаряд атылып, көлөмү 320,000 м3 болгон кар көчкүсү түшүп, жолду убактылуу жабылган.

Унаа жолду тазалоо иштерине №27жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып, саат 22:45те бир тарапка ачылган.

2017-жылдын 22-февралында кар көчкүсүн түшүрүү иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий