• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. 8-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-128 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусусунда, 198-246 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында да кар көчкү түшүү мүмкүн. Жаан-чачын жана тоолу аймактарда кар жаап жаткандыктан, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

"Унаада күрөк, дөңгөлөк чынжырчасын, ысык суу, жол азыгы жана дары-дармек кутучасын алууну унутпаңыздар. Кырсык катталган учурда же жардамга муктаж болсоңуз "112" кызматына чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий