• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Торугарт” жана “Иркештам” чек ара бекеттери 29-апрельден 1-майга чейин жабык болот – МЧК

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кытай тараптын демилгеси менен “Эмгек күнүн” майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-унаа жолу” жана “Иркештам-унаа жолу” текшерүү-көзөмөл бекеттери 29-апрелден 1-майга чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр 2017-жылы 2-майдан тартып өткөрүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий