• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Трамптын кеңешчиси Орусиянын аракетине каршы турууга чакырууда

Дүйнө 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Акүйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер батыш өлкөлөрү Орусиянын “туруксуздаштыруучу аракетине” каршы турушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, Москва эркин жана ачык коомго бүлүк салуу үчүн “абдан татаал кампания” жүргүзүүдө.

Макмастер 19-декабрда Би-Би-Сиге берген маегинде былтыр Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү улуттук коопсуздукка коркунуч жаратты деп билдирди.

Герберт Макмастердин пикиринде, 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы тушунда Орусия АКШдагы саясий ландшафтын эки тарабында тең болууну көздөгөн. Москва курчуган абалды жаратуу үчүн оңчул жана солчул күчтөрдү дагы колдошу ыктымал.

Кошмо Штаттардын 18-декабрда жарыялаган улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия менен Кытай АКШнын кызыкчылыгы менен кудуретине чакырык таштаган "атаандаш державалар" катары көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий