• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 23,4 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 23 млн 456 миң 597 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 809 миң 333 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда − 5 млн 704 миң 447 киши, Бразилияда − 3 млн 605 миң 783, Индияда – 3 млн 106 миң 348, Россияда − 959 миң 16, Түштүк Африкада − 609 миң 773, Перуда − 594 миң 326, Мексикада − 560 миң 164, Колумбияда – 541 миң 139 Чилиде − 397 миң 665, Испанияда – 386 миң 54 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий