• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.2.20. /Кабар/. Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына караганда. тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Бүгүн, 21-декабрда жаңы биринчи вице-мэр шаардык мэриянын жамаатына тааныштырылды. Биринчи вице-мэр шаардагы экономика тармагына жооптуу болуп эсептелет.

Жылдызбек Турганбаев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп турган.

Буга чейин Ноокат райондук салык кызматында, Ош шаардык салык кызматында жана түштүк региону боюнча салык кызматынын начальниги болуп иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматын ээлеп келген Саибжан Турдуев берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий