• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Турсунбеков тармактык комитетке Ананьеводогу газ куюучу бекеттеги жарылууну көзөлдөөнү тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы үч адамдын өмүрүн алган газ куюучу жайдагы жарылууга байланыштуу, алардын жакындарына көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Ошондой эле, кырсыктын себептерин тез арада иликтеп чыгуу менен кесепеттерин жоюу багыттында да ыкчам аракеттерди көрүү керектигин билдирген Төрага, тиешелүү мекемелерди адам өмүрүн алган мындай кырсыктардын кайталанбашы үчүн бардык газ куюучу бекеттердеги техникалык коопсуздук эрежелеринин абалын текшерип чыгууга чакырды. Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине Ананьеводо катталган аталган окуяны көзөмөлдөөнү тапшырды.

Эске салсак, ушул жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында май куюучу жай жарылып, үч адам каза таап, жети адам оор жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий