• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турсунбеков жеке резервдик фондунан улуттук опера жана балет театрына 500 миң сом бөлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн Опера искусствосунун Болот Миңжылкиев атындагы үчүнчү эл аралык фестивалынын жыйынтыктоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Опера жана балет өнөрүнүн очогу болгон аталган театр кыргыз маданиятынын маанилүү борбору экенин белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Согуш жылдарындагы оор кырдаалга карабай 1942-жылы түптөлгөн театрыбыздаэчендегенулуу инсандар өз өнөрүн кыргыз элине гана эмес, таланты менен улуттук маданиятыбызды дүйнө элине тааныткан. Айрыкча, Болот Миңжылкиев агабыздын кыргыз опера өнөрүнө кошкон салымы өтө чоң”, – деди.

Ошондой эле СССР тарагандан бери, өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан улам Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры да башка маданият борборлору сыяктуу көңүл сыртында калып келгенин эске салган Чыныбай Турсунбеков: “Президентибиздин демилгеси менен акыркы жылдары маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Буга театрдагы оңдоп-түзөөлөр анык далил. Андыктан, ушул багытыбыздан тайбай, мамлекетибиздин келечеги үчүн маданияттын өнүгүшүнө кам көрүшүбүз керек”, – деп кошумчалады. Андан тышкары, аталган театрдын оңдоп-түзөө иштерин зарыл болгон каражаттар сөзсүз бөлүнүшү керектигин да аткан Жогорку Кеңеш Төрагасы, жеке резервдик фондунан 500 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий