• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР БШК добуштардын жыйынтыгы боюнча 46 АШКнын протоколдорун кабыл алды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 23.10.17. /Кабар/. 2017-жылдын 21-октябрына карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынын 46сынын протоколдорун кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу КР Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

КР БШК Бишкек шаардык, Ош шаардык, Түп, Кадамжай, Кара-Суу, Ноокат, Сокулук жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алуу башталды.

КР президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүү жыйынтыктары КР БШКнын расмий сайтында 2017-жылдын 3-ноябрына чейин жайгаштырылат.

Эскерте кетсек, 18-октябрдан тарта БШКда аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун жана добуш берүү жыйынтыгы боюнча таблицаларын кабыл алуу жүрүүдө.

Шайлоо комиссияларынын системасында шайлоодо Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлиндеги 54 аймактык комиссия иштеди.

Пикир

Оставить комментарий